Кыргызстандын эл аралык резерви 7 млрд. доллардан ашты

үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрына карата Кыргызстандын жалпы эл аралык резерви жаңы бийиктикке жетип 7 миллиард 21 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Белгилей кетсек, эл аралык резерв улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын жана Кыргызстандын каржылык туруктуулугун колдоого, өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга пайдаланылат.

"Бул көрсөткүч 2025-жылдын башынан бери 1,9 миллиард долларга же 38 пайызга өстү. Ал эми 2024-жылдын ичинде жалпы эл аралык резерв 3,3 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин көбөйгөн", — деп айтылат маалыматта.

Эл аралык резервдин учурдагы көлөмү товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн келечектеги импортунун болжол менен 5-7 айын жабат. Бул эл аралык резервдин жетиштүүлүгүнө коюлган эл аралык талаптарга шайкеш келет.

"Быйылкы өсүш ички жана тышкы рыноктордогу операциялардан түшкөн каражаттын эсебинен, ошондой эле баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногундагы жагымдуу конъюнктуранын натыйжасында камсыздалды", — деди башкы банк.

Улуттук банк ички жана тышкы экономикалык жагдайды эске алуу менен тиешелүү акча-кредиттик саясатты жүргүзүү аркылуу баанын туруктуулугуна жетишүү жана аны сактап туруу максатында эл аралык резервдин жетиштүү деңгээлин колдоого багытталган саясатын улантат.

 

16:08, 05-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар