Министрлик: Бишкекте студенттер 1-октябрга чейин онлайн окуйт деген кабар — фейк

Бишкекте студенттер 1-октябрга чейин онлайн окуйт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.

Ведомство ЖОЖдордогу аралыктан окуу 15-сентябрга чейин гана болорун эскертти.

Студенттер борбор калаада эл аралык иш-чаралар өткөнүнө, шаардагы жолдор оңдолуп жатканына байланыштуу сентябрдын ортосуна чейин аралыктан окушмак.

 

15:10, 08-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар