Жогорку Кеңеште Үсөн Сыдыковго Кыргыз эл баатыры наамын берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин 10-сентябрдагы жыйынында депутат Айбек Алтынбеков мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковго Кыргыз эл баатыры наамын берүүнү сунуштады. Буга байланыштуу тиешелүү мекемелерге протоколдук тапшырма берилиши керектигин айтты.

Үсөн Сыдыков 2021-жылы 28-июлда 78 жаш курагында каза болгон.
Ал 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчи кызматтарын аркалаган.

Сыдыков “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жетекчиси болгон. 2010-жылдын 14-майында ал өлкөнүн түштүгүндө контрреволюциялык аракеттерди уюштурууга шектүү катары кармалып, 2-июлда үй камагына чыгарылган.

 

10:56, 10-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар