Нигерияда кибералдамчылыкка шектелген эки кыргызстандык өлкөгө кайтарылды

Нигерияда кибералдамчылыкка шектелип кармалган эки кыргызстандык жаран ушул жылдын август айында мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ведомство тараткан маалыматка таянсак, кылмышка шектүүлөр былтыр декабрь айында Нигериянын Лагос шаарында кармалышкан. Аталган өлкөнүн Экономикалык жана каржылык кылмыштар боюнча комиссиясы аларды кибералдамчылыкка айыптаган.

"Жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо алкагында консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, алар менен, алардын туугандары жана адвокатты менен үзгүлтүксүз байланыш жүрдү. Кармалган жарандар менен жолугушууларды жана компетенттүү органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, кырдаалды тез арада жөнгө салуу жана бошотуу үчүн Нигерияга эки жолу консулдук сапар уюштурулду", — деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги жарандарды чет өлкөдө ишке орношуу боюнча сунуштарды кароодо сак болууга чакырды.

 

11:37, 11-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар