Кыргызстан Палестин мамлекетин түзүүнү колдой турганын кайталады
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 15-сентябрда Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышты. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары, өкмөт, парламент жетекчилери, тышкы иштер министрлери, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү келди. Жыйында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланды.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан сөз сүйлөп, 9-сентябрда Доха шаарына жасалган соккуларды катуу айыптарын белгиледи. Бул окуяны эгемендикти одоно бузуу, аймактык бүтүндүккө кол салуу жана тынч мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруу катары баалады.
“ТИМ башчысы Кыргызстан бардык куралдуу ыкмаларды колдонуу аркылуу жаңжалдарды чечүүгө каршы экенин белгилеп, дүйнөлүк коомчулукту ок атууну токтотууга жана Газа секторундагы жай тургундарга гуманитардык жардам жеткирүүгө шарт түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды”, - деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.
Министр Кыргызстан Палестина элинин өз алдынча чечим кабыл алуу жана көз карандысыз мамлекет түзүү позициясын колдой турганын дагы бир жолу ырастады.