Кыргызстан Европанын авиациялык "кара тизмесинен" 2026-жылы чыгарылат деп күтүлүүдө

Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов Кыргызстандын авиациясы Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” 2026-жылдын май айында чыгарылат деп күтүлүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 15-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты. Анын сөзүнө ылайык, Кыргызстан 2023-2024-жылдары Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өткөн.

“Жарандык авиация агенттиги бул процесстин акыркы баскычына келди. Ушул жылдын 7-8-октябрь күндөрү агенттиктин делегациясы Брюсселге барып Еврокомиссия менен жолугушууларды өткөрөт. Анда биздин реформалар, кабыл алынган чаралар менен жыйынтыктар сунушталат. Еврокомиссия декабрда Кыргызстанга келип жыйынтыктоочу аудит өтөт. Анын жыйынтыгында 2026-жылдын май айында Еврокомиссиянын Транспорт комитети Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгаруу чечимин кабыл алат”, - деди Канат Төлөгөнов.

Президент Садыр Жапаров 8-сентябрда “Нарын” жана “Казарман” аймактык аэропортторунун оңдоп-түзөөдөн соң ишке берилишине арналган иш-чарада Кыргызстанды Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгаруу иши аяктап калганын айткан.

 

12:35, 16-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар