Бир кишини 600 миң сомго алдаган кибершылуундук. Шектүүдөн 700 SIM-карта табылды
Бишкекте 23 жаштагы жигит кибералдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта ал өзүн Улуттук банктын жана УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, улгайган кишинин 600 миң сомун алдап алганы белгиленген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен иш козголуп, иликтөөнүн алкагында 23 жаштагы К.З. аттуу жаран кармалган. Шектүүнүн жанынан Кыргызстандын уюлдук байланыш операторлоруна таандык 700 активдештирилген SIM-карта табылган. "Кармалган жаран кылмыштуу схемада "активатор" ролун аткарган. Ал SIM-карталарды өзүнүн атына же башка адамдардын атына каттап, активдештирип, номерлерди WhatsApp мессенжерине байлап, кийин башка жарандарга сатуу менен алектенген", — деп айтылат кабарда.