БА өлкө башчыларынын Ташкенттеги жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышты.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекет башчылар тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлуп, кабыл алынды:

— Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү;

– Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-мамлекеттерге Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусу;

— Азербайжандын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна толук кандуу катышуусу жөнүндө чечим;

— Борбор Азиядагы аймактык коопсуздуктун, туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн концепциясы;

— 2026-2028-жылдарга карата Борбор Азиянын коопсуздугуна байланыштуу тобокелдиктердин каталогу жана аларды алдын алуу чаралары.

15:22, 16-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар