Ислам шериктештиги оюндары: Балбан Арууке Кадырбек кызы коло утту
Кыргызстандык балбан Арууке Кадырбек кызы VI Ислам шериктештиги оюндарынын коло байгесинин ээси болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал мелдешке 53 кг салмак категориясында катышууда.
3-орун үчүн болгон беттеште Индонезия мамлекетинин балбаны Юсма Десвитаны 3:0 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү Сауд Аравия Падышачылыгынын борбору Эр-Рияд шаарында VI Ислам шериктештиги оюндары өтүп жатат.