47 миңге жакын кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды
2025-жылдын 1-ноябрынан 21-ноябрына чейинки аралыкта 46 713 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыяга алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Мындай маалыматты Улуттук банк жарыялады.
Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу деген эмне?
"Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат.
Бул механизмди киргизүүнүн негизги максаттары
Тыюу салуу жана аны кайра алуу
Жарандар Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы (Tunduk мобилдик тиркемеси) аркылуу каалаган убакта өз алдынча жана акысыз түрдө тыюу салып, же аны кайра алып сала алат.
Колдонуу чөйрөсү
Кыргызстанда эки кредиттик бюро иштейт – "Ишеним" жана "СЭС" кредиттик-маалыматтык бюро.
Кредиторлор эки бюрону тең текшергендиктен, коргоо активдүү деп табылышы үчүн алардын жок дегенде бирөөсүнө тыюу салуу жетиштүү.
Тыюу салууну алып салуу дароо эмес, арыз берилгенден кийин 12 саат өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Бул убакыттын ичинде жаран алып салууну жокко чыгара алат, ошондо коргоо активдүү бойдон калат. Мындай ыкма шашылыш чечимдердин алдын алат жана коопсуздук деңгээлин жогорулатат.
Насыя берүүчүнүн милдеттери
Насыя берүү алдында каржы-кредиттик уюм активдүү тыюу салуунун бар-жогун текшерүүгө милдеттүү. Эгер тыюу салынган болсо, насыя берүүчү себебин көрсөтүү менен келишим түзүүдөн баш тартат.
Юридикалык кесепеттери
Эгерде тыюу салууга карабай насыя берилсе, мындай келишим жараксыз (юридикалык күчү жок) деп табылат.
Жаран ал боюнча милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү эмес, ал эми кредитор каражатты кайтарып берүүнү талап кылууга укугу жок. Мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти кредитор алат.
Иш-аракеттердин кыскача алгоритми (Tunduk тиркемеси аркылуу)