Коррупциянын алдын алуу институтун күчөтүүгө багытталган жарлыкка кол коюлду
Президент Садыр Жапаров кол койгон “Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка ылайык, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө Мамлекеттик органдарда коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, президенттин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” жана 2025-жылдын 25-мартындагы № 100 “КР Башкы прокуратурасын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган деп аныктоо жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
– коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун кызмат орду жок болгон учурда аны КР президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “КР Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” жарлыгына ылайык бекитилген штаттык сандын чегинде түзүмгө жана штаттык расписаниелерге киргизсин;
– 2026-жылдын 1-январынан тартып коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын штаттык бирдиктерин аларды күтүүгө каралган бюджеттик каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүп берсин; – коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууларга аларды мамлекеттик органдарда жайгаштыруу үчүн жумуш орундарын берсин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл шарттар, анын ичинде компьютердик техника, байланыш каражаттары менен, кызматтык жана архивдик документтерге, электрондук документ жүгүртүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасына жана маалыматтар базаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылсын;
– коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулар мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенген учурда аларга көмөк көрсөтсүн.