Old Bishkek: Жолго чыгып кеткен курулуштар тез арада калыбына келтирилсин — Ташиев

Бүгүн, 8-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровтун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, социалдык тармактарда Чүй проспектисиндеги соода борборлорунун жанына курулуп жаткан соода түйүндөр, унаа токтотуучу жайлар жана аялдамалар жолго чыгып кеткендиги боюнча кызуу талкуулар жүргөн.

Мындан улам УКМК төрагасы түзүлгөн кырдаал менен жеринен таанышып, жолго чыгып кеткен курулмаларды тезинен жокко чыгарып, шаардагы транспорттук кыймылга маанилүү болгон жол тилкесин өз калыбына келтирип, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча Курулуш министрлигине, шаар мэрине жана тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берди.

Өз кезегинде курулуш компаниясынын жетекчилиги жолду калыбына келтирип, инфраструктуралык абалды жөнгө салуу боюнча милдеттемелерди аткарууну убадалады.

 

10:44, 08-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар