Аскат Алагөзов: Президенттин учагы Жер шарын толук айланып келди

 

 

Аскат Алагөзов: Президенттин учагы Жер шарын толук айланып келди

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорктон Бишкекке келди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«15-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекет башчысы Корея менен Америкада жалпысынан сегиз күндүк иш сапарда болсо анын 32 саатын самолетто өткөрдү. №1 борт Бишкек – Сеул – Аляска – Солт – Лейк Сити (Юта штаты) – Нью-Йорк – Шаннон (Ирландия) – Бишкек каттамы менен учуп Жер шарын толук айланып келди. Сегиз күндө — үч континент», — деди ал.

Алагөзов, Кореяда Садыр Жапаров расмий сапар менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү

«Президент Американын Юта штатынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, штаттагы лыжа курортун кеңейтүү долбоору менен таанышып, тоо туризмин жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү тажрыйбасын көрдү. Ал эми Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясында сөз сүйлөп, эл аралык маанилүү багыттар боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди», — деди ал.

Арча медиа
12:02, 24-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар