Бишкек–Ош автожолунда сел жүрүп, жолдун бир тарабы ачылды
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек–Ош автожолунун 428-чакырымынан 441-чакырымына чейинки тилкесинде беш жерден сел түшүп, жолду жаап калганын кабарлады.
Сел жүргөн аймакка министрликтин №38 Жол эксплуатациялык мекемесинин кызматкерлери тартылып, жолдун бир тарабы ачылды. Экинчи тилкени селден тазалоо иштери улантылууда.
Жолду тазалоого беш техника тартылды. Ушул тапта жолду толук ачуу жана машинелердн коопсуз каттамын камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.