2024-жылы Түндүк-Түштүк магистралы аяктайт

2024-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылды жыйынтыктаган жыйында билдирди.

Төрөбаевдин берген маалыматына караганда, кийинки жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде төмөнкү иштер жасалат:

Түндүк-Түштүк магистралы пайдаланууга берилет;

“Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду” жолун оңдоо иштери аяктайт;

“Түп – Кеген”, “Каркыра – Турук – Сары-Жаз”, “Балыкчы – Бөкөнбаев – Барскоон”, “Нарын – Баетов”, “Ала-Бука – Жаны-Базар – Кировка”, “Ош – Баткен – Исфана” жолдорун оңдоп-түзөө улантылат;

“Корумду – Балбай Баатыр” жолун асфальттоо башталат;

Кытай менен үчүнчү кошумча жол – “Бедел” өткөрмө пункту салынат;

Эркеч-Тамда төрт тилкелүү “Достук көпүрөсү” ачылат.

Аны менен катар, Каракол тоо лыжа базасына кеткен жолго, “Базар-Коргон – Кызыл-Үңкүр” жолуна, Сары-Челекке кеткен жолго жаңыча шарттагы жайлар ачылат, жолдору оңдолот.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталат. “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун 20 километри салынат.

Андан тышкары түштүк транспорт коридору аркылуу “Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Каспий деңизи” багыты аркылуу Азербайжан, Орусия, Түркия мамлекеттерине жана Европага чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды.

09:36, 25-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар