Эч кимге аёо болбойт. Садыр Жапаров ЖКда ант берген жети министрге кайрылды

Коррупция менен алектенсеңер, эч кимге аёо болбойт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште билдирди.

Ал ант берип, кызматка киришкен жети министрге кайрылып, жасай турган иштер көп экенин белгилеп, берген антты унутпоого чакырды.

"Элдин сөзүндө гана эмес, назарында да турасыздар. Жакшы иштесеңер, калкыбыз алкап, батасын берет. Эгер башкача ой менен келип, жеке керт башыңарды ойлоп, коррупция менен алектенсеңер, элге жаманатты болосуңар. Ата-эне, тууган-туушканыңарды жаман сөз ээрчийт. Кыргыздын наркы мына ушундай. Эгер туура эмес иш жасасаңар, мыйзам чегинде чара көрөбүз. Эч кимге аёо болбойт. Ошондуктан айтылган сөздөрдөн жыйынтык чыгарып, жакшы иштеңиздер", — деди Садыр Жапаров.

 

15:09, 18-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар