Бишкекте 1-класстын окуучусунун зордукталышы боюнча кылмыш иши козголду
Бишкекте 1-класстын окуучусунун зордукталышы боюнча кылмыш иши козголду
Бишкек ШИИБи 1-класстын окуучусун үч өспүрүм зордуктаган окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүү катары 2009-жылы туулган өспүрүм кармалды.
Шаардык милиция кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди. Ишти тергөөнү Бишкек ШИИБи жеке көзөмөлгө алды.