"Жапаров 3-4 күндөн бери учагында уктап жатат". Ташиев аткаминерлерге кайрылды
Президент Садыр Жапаров акыркы 3-4 күн катары менен учагында гана уктап жатат. Бул туурасында айткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аткаминерлерди мамлекет башчыдан үлгү алууга чакырды.
Комитет жетекчиси чиновниктер майрам, дем алышка карабай иштеши керектигин белгилеген.
"Мына биз, жетекчилер, күн-түнгө, базарына, ишембиге, майрамына карабай чапкылап иштеп жүрөбүз. Президентибиз дагы күнү-түнү тынбайт. Акыркы 3-4 күндө учакта эле уктап жатат. Малайзиядан "Манас" аэропортуна учуп келип, самолетко май куйдуруп алып, үйүнө барбастан Минскиге учуп кетти. Кээ бири жыргал жашоо деп ойлоп жатат... Бардык аткаминерлер, жергиликтүү бийлик органдары, ушундай иштешиңер керек. Дем алышта бириң көлгө, бириң тоого, бириң өргүү алып чет өлкөгө чыгып кеткениңерди көрбөйүн", — деген Ташиев.
УКМК төрагасы кимде-ким мамлекеттик кызматка мындай мамиле кылса жоопкерчиликке тартылып, андан кийин ишинен алынарын эскерткен.
"Мени көпчүлүгү жаман көрүшөт, жаман көрсө эмне кылайын, кызматым ушундай экен. Мыйзам бузган аткиминерлерди жазалоого милдеттүүмүн", — деген ал.