Измир шаарынын мэриясындагы коррупция иши боюнча 120 адам кармалды

Түркиянын полициясы Измир шаардык мэриясындагы паракорлук иши боюнча 120 адамды кармады. Кармалгандардын арасында Измир шаарынын мурдагы мэри Тунч Сойер да бар. Бул тууралуу Hurriyet басылмасына таянып Интерфакс агенттиги жазды.

Маалыматта Izbeton A.Ş курулуш компаниясынын мурдагы башкы директору Хевал Саваш Кая жана шаардык администрациянын башка кызматкерлеринин иши териштирилип жатканы айтылат. Аталган курулуш компаниясына 2020-жылдын октябрь айында Измирде болгон жер титирөөдөн кийин калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн кеңири ыйгарым укуктар берилген (7 баллга жеткен жер титирөөдө 100дөн ашуун адам каза болгон).

Мында Izbeton A.Ş компаниясынын жетекчилиги тендердик процесстерге кийлигишип, башка компанияларга мыйзамсыз артыкчылык бергени жана кызматтар менен жумуштарды аткарбаганы үчүн айыпталууда.

 

14:19, 02-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар