УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алты балалуу энеге батир берди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алты балалуу энеге батир берди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алты баланын энеси Айжан Болотбековага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Ал жалгыз бой эне экени, эки баласынын жана өзүнүн да майыптыгы бар экени маалым болду.
“Туруктуу жашаган үйү жоктугунан улам, батирлеп жүрүп, ижара акысын төлөөдө да кыйынчылыктар болуп келген. Андыктан, 6 балалуу эне жардам сурап шаардык мэрияга кайрылган. Бирок, ал жактан эч кандай жооп болгон эмес. Мындан улам жалгыз бой эне УКМК төрагасына көмөк сурап кайрылган. Жыйынтыгында ага Ташиев шаардан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын белек кылды”, - деп айтылат маалыматта.