Бишкектен унаа уурдоого шектүүлөр Ысык-Көлдө кармалды

Бишкектен унаа урдоого шектүү жарандар Ысык-Көл облусунда кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда белгиленгендей, 10-августта Бишкек шаарынын Айни көчөсүнөн Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгы жөнүндө малымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Ысык-Көл облусунун жол тескөөчүлөрү тарабынан издеп-табуу иш-чаралары жүрүп жаткан учурда ушул унаа болжол менен саат 12:10 чамаларында Каракол шаарында “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаанын жолун тороп, айдоочусу менен урушуп, жүргүнчүсү болсо ок атуучу тапанча менен коркутуп, андан ары окуя болгон жерден качып кеткен.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаа жол тескөөчүлөрү тарабынан кармалганда айдоочу мыйзамдуу талапка баш ийбей, кызматтык унааны сүзүп, ошол жерден изин жашырып качкан.

Жыйынтыгында жогорудагы унааны уурдап качууга шектүү катары 34 жаштагы С.К.Ю. жана 36 жаштагы Б.Э.Э. аттуу жүргүнчү кармалды. Унаанын ичинен жүргүнчүгө таандык 1 даана тапанча табылды.

Учурда кылмышка шектүү жарандар Тергөө кызматына өткөрүп берилип, тергөө иштери жүрүүдө.

 

14:19, 12-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар