"Элдик банк" Beeline бренди менен иштеген "Скай Мобайл" компаниясын сатып алды

"Элдик банк" Beeline Кыргызстан бренди менен иштеген "Скай Мобайл" компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Чечим улуттук кызыкчылыктарды бекемдөөгө, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталганы айтылды.

"Стратегиялык телекоммуникациялык активди сатып алуу финансылык жана санариптик кызматтарды интеграциялоо, жарандар жана бизнес үчүн технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле инновациялык өсүштү өбөлгөлөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Келишим ачык-айкындуулуктун жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо менен жүргүзүлдү. Бул инвестициялык климатты жана өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө өбөлгө түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Beeline Кыргызстан — өлкөдөгү алдыңкы уюлдук байланыш операторлорунун бири.

 

12:06, 13-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар