Владимир Путин Кыргызстанга келет
Владимир Путин Кыргызстанга келет
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 25–26–27-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат.
Соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Сапардын жыйынтыгында Мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана соода-экономикалык, каржылык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.