Индия Пакистанды жаңы чабуулдарга айыптады
Индия Пакистанды жаңы чабуулдарга айыптады.
9-майга караган түнү Жамму, Патханкот жана Удхампурдагы аскер базалар дрондор жана ракеталар менен аткыланды, деп билдирди Индиянын Коргоо штабы. Жоготуулар жок, коркунуч четтетилгенин NDTV жазат.
Ошол эле учурда, Кашмирде электр жарыгы өчүп, Пенджабда элге үйдөн чыкпагыла деген эскертүү берилди. Дрондордун кыймылы байкалган.
Чыр 7-майда Пахалгамдагы терактан кийин күчөдү — анда 26 киши каза тапты. Жоопкерчиликти Индия "Пакистандагы" террордук топ менен байланышы бар деп эсептеген «Фронт сопротивления» тобу алды.
Индия буга жооп катары «Синдур» операциясын баштап, Пакистандагы 9 объектиге сокку урду, анын ичинде Бахвалпур жана Музаффарабад шаарлар бар. Пакистан 5 индиялык учакты атып түшүргөнүн билдирип, жооп кайтарды. Нью-Дели бул маалыматты «жалган» деп атады.