Бишкекте адамды мыкаачылык менен сабаган деген шек менен эки адам кармалды

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы борбордун Алиаскар Токтоналиев көчөсүндө бир адамды сабаган деген шек менен эки киши (С.С., Л.Ю. жана Р.Б.) кармалып, бирөөнө протокол түзүлгөнүн билдирди.

Райондук милициянын маалыматына ылайык, 7-сентябрда Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз адамдар бир кишини сабап, качып кетишкени тууралуу арыз түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” жана “Майда бейбаштык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, жабырланычууга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Шектүүлөрдүн экөө Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

7-сентябрда социалдык тармактарда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда бир адам мыкаачылык менен сабалганы тартылган видео тараган. Интернет колдонуучулар шектүүлөрдү катуу жазага тартууну талап кылышууда.

 

08:02, 08-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар