АКШ Иранга сокку урууга даярданууда
АКШ Иранга сокку урууга даярданууда
АКШ жетекчилиги Израиль менен Иран ортосундагы чыңалуунун фонунда Тегеранга аскерий сокку урууну жакынкы күндөрдө карап жатат. Бул тууралуу Bloomberg өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, 21–22-июнь күндөрү операция өткөрүлүшү мүмкүн. Бир нече федералдык агенттиктерде даярдыктар башталганы айтылууда, бирок кырдаал тез өзгөргөндүктөн, акыркы чечим али чыга элек.
Ошол эле учурда CBS News билдиргендей, 17-июнда Трамп Ирандагы Фордо атомдук объектине аба сокку урууну алдын ала жактырган. “Эгер бул ишти бүтүрөбүз десек, анда Фордо жоюлушу керек”, — деген аскердик булак.