Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга даярдыктар жүрүүдө
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун негизги этабына өтүү үчүн талап кылынган даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда төмөнкү иштер жасалууда:
Жалпы автоунаа жолдорду куруу иштери 60%га аткарылды.
Транспорттук тоннелди куруу толугу менен (100%) бүткөрүлдү.
Тоннелдин ичиндеги жолду бетондоо 93%га аткарылды.
Нарын дарыясынын оң жээгине өтүү үчүн көпүрө куруу иштери 20%га аткарылды.
ВЛ-110кВ жана көмөк чордонду куруу 77%га аткарылды.
Жумушчулар үчүн вахталык шаарчаны куруу 30%га бүткөрүлдү.
«Бул инфраструктуралык иштер Камбар-Ата-1 ГЭСнин негизги курулушуна өтүү үчүн бекем база түзүп, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жана туруктуу келечегине өбөлгө болот»,- деп айтылат маалыматта.