Бишкек мэри: Бирдиктүү чаралар - шаардагы тыгындарды азайтуунун ачкычы

Жол тыгындарын жоюу үчүн бирдиктүү чаралар талап кылынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, шаардагы кайсы бир маселени чечип, башкаларын кийинкиге калтырууга болбойт.

“15 мүнөттүк жеткиликтүүлүк” концепциясы ар бир район үчүн иштеши керек. Адамдар унаа менен жүрсө да, мектеп, бакча, дүкөн, дарыкана сыяктуу мекемелерге жөө 15 мүнөттө жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл. Жок дегенде ушул аралыкты ыңгайлуу басып өтө ала турган шарттар түзүлүшү керек”, - деди ал.

Мэр кошумчалагандай, учурда Бишкекте 45 мектеп жана бала бакча жетишпейт.

“Бир мектеп куруу менен гана көйгөй толугу менен чечилбейт. Биз эл аралык иш-чаралар маалында жолдордун канчалык тыгын болуп жатканын көрүп жатабыз. Бул - шаардык инфраструктуранын алсыз экенин жана маселени комплекстүү чечүү зарылдыгын көрсөтөт”, - деп белгиледи Жунушалиев.

18:40, 19-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар